7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурунку башкы ветеринардык врач Калысбек Жумаканов кайрадан камакка алынды

577

УКМК кызматкерлери Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы директору Калысбек Жумакановду кайрадан камакка алышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борбору билдирди.


Белгиленгендей, чиновник буга чейин атайын кызмат тарабынан 2020-жылдын ноябрь айында кармалган. Бирок, ден-соолугунун абалына байланыштуу Бишкек шаардык сотунун чечими менен баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылган.

«Мамлекеттик инспекциянын директорунун жетекчилиги астында, 2017-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде жалпы 90 млн сомго ветеринардык дары-дармектерди жеткирүү боюнча мыйзамсыз келишимдер түзүлгөнү аныкталды. Мындан тышкары, квалификациялык талаптарга жооп бербеген кызматкерлерди жумушка алып, сынак өткөрбөстөн бош орундарга дайындаганы белгилүү болду», — деп берилет маалыматта.


Тергөөнүн жүрүшүндө, башкача айтканда, бөлүмдүн кызматкерлеринен 600 миң сомдон ашык суммадагы бонустарды берүү учурунда акча талап кылуу боюнча тутумдаштырылган фактылар аныкталды. Жаңы фактыларды иликтөөнүн алкагында Калысбек Жумаканов кайрадан кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

578