7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бостериде парашют менен аттракционго илинип калгандардын абалы айтылды

664

Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн Бостери айылында тартылган видео тараган. Анда, парашют менен учуп бараткан жигит аттракционго илинип калган. ӨКМ окуя боюнча маалымат берип, бир эмес эки жигит илинип калганын билдирди.

«Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылындагы пансионаттардын бириндеги каруселге 2009-жылы туулган жана учурда аты-жөнү такталып жаткан жаран парашют менен илинип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган адамдарды жергиликтүү тургундар менен биргеликте аман-эсен түшүрүшкөн. Аталган жарандардын ден соолугуна зыян алып келген эмес, абалдары туруктуу”,- дешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665