7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Билим берүү министри Эл аралык билим берүү жана чеберчилик саммитине катышты

341

Дүйнөлүк Билим берүү Форуму жана Индия Дидактикалык Ассоциациясы тарабынан уюштурулган Эл аралык билим берүү жана чеберчилик саммитине Алмазбек Бейшеналиев катышты. Бул тууралуу министр фейсбук баракчасына жазды.

«Дүйнөлүк Билим берүү Форумунун директору Доминик Севаж жана Coursera онлайн билим берүү платформасынын аткаруучу директору Жефф Мажионкальда менен “Келечекти ойлой турган болсок, предметтердин ортосундагы баланс жана интеграциянын үстүндө көбүрөөк иштешибиз керекпи? Чыныгы көйгөйлөргө жооп табуу үчүн окуунун бардык тармактарын колдонуп, андан соң маданий, географиялык чектөөлөрдү ашып контекстке негизделген чечимди таба билүү мүмкүнчүлүгүн бекемдөөгө окуучуларды кантип шыктандырсак болот?” деген суроолордун үстүндө талкуу жүргүздүк.
Мен азыркы глобалдашкан дүйнөдө билим берүүнү санариптештирүүдөгү көркөм өнөрдүн жана улуттук баалулуктардын, иденттүүлүктүн маанилүүлүгү тууралуу пикир бөлүштүм. Саммиттин жүрүшүндө билим берүүдө онлайн жана реалдуу окутуу формаларынын, көркөм өнөр жана илимди айкалыштыруунун орду жана башка актуалдуу маселелерди талкууладык. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен катышуучу уюмдардын өз ара көп тараптуу кызматташуусун сүйлөштүк.
«-деп жазган Бейшеналиев .

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

342