7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Менин шаарым» тиркемеси аркылуу эми шаарлар аралык каттамдарга билет сатып алууга болот

143

«Менин шаарым» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары эми шаарлар аралык жүргүнчү ташуу каттамдарына электрондук билеттерди онлайн режиминде брондоп жана сатып ала алышат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Билет сатып алуу үчүн тиркемени ачып, «Кызматтар» бөлүмүнө өтүп, тиешелүү кызматты тандоо жетиштүү. Колдонуучулар багытты, сапардын күнүн жана транспорт каражатындагы конкреттүү орунду өздөрү тандай алышат. Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин электрондук билет тиркемеде сакталат жана аны транспортко отурганда көрсөтүү жетиштүү.

Жаңы сервис жарандардын ыңгайлуулугун жогорулатууга, билет сатып алууга кеткен убакытты үнөмдөөгө жана шаар тургундары менен коноктору үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө багытталган.

Иштеп чыгуучулар «Менин шаарым» тиркемесиндеги жеткиликтүү электрондук кызматтардын тизмеси мындан ары да кеңейтилип турарын билдиришти.

144