7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Нарын шаарынын жана Нарын районунун тургундары менен жолугушту

108

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун активи жана тургундары менен жолугушту.

Президент өз сөзүндө облустун негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, мамлекеттин бюджеттик мүмкүнчүлүктөрү туруктуу өсүп жатканын, аймактарды каржылоо көлөмү көбөйгөнүн, ошондой эле калктын эмгек акысын жана социалдык колдоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Андан соң Мамлекет башчысы Нарын облусунда ишке ашырылып жаткан жана пландалган долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берди.

Ал акыркы жылдары Нарын шаарында шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. Учурда жолдор оңдолуп жана курулуп, билим берүү жана саламаттык сактоо объектилери салынып, мамлекеттик мекемелердин административдик имараттары жаңыланууда. Бул долбоорлор шаардын көркүн жакшыртып, тургундар үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болууда.

109