7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК мыйзамсыз миграциянын эл аралык каналына бөгөт койду

107

УКМК Ош облусунда чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирүүсүн уюштуруп келген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарды мамлекеттик чек ара аркылуу көзөмөл-өткөрүү пункттарынан тышкары мыйзамсыз өткөрүп, алардын транзитин уюштуруу схемасы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө «Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган чет өлкөлүк жаран кармалган. Ал Чүй облусунун аймагында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү аныкталган.

Ошондой эле үчүнчү мамлекеттин аймагында жүрүп, кылмыштуу топту башкарып турган чет өлкөлүк жаран аныкталды. Мындан сырткары мыйзамсыз миграцияны уюштурууга шектелип, Ош шаарындагы эл аралык аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкери, кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана мыйзамсыз миграция каналын уюштуруу фактылары боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында бул кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатканы маалымдалды.

108