7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асман Эйрлайнс Ош-Тамчы-Ош каттамын кайра ишке киргизет

17

«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2026-жылдын 26-июнунан тартып Ош-Тамчы- Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды кайрадан жандантат. Бул тууралуу «Манас Эл Аралык Аэропорту» билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына үч жолу- дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Учактар күндүн биринчи жарымында уча тургандыктан, жүргүнчүлөр Ысык-Көлдө эс алуу убактысын натыйжалуу пайдалана алышат.

Авиакомпаниянын белгилешинче, каттамдардын кайра ачылышы өлкөнүн түштүк аймагында жашаган жарандар үчүн Ысык-Көлгө жетүүнү кыйла жеңилдетет. Аба жолу аркылуу жүргүнчүлөр Тамчы аэропортуна болжол менен бир саатта жетип, узак жол жүрүүдөн кутулушат.

Ош- Тамчы- Ош багыты боюнча бир тарапка авиабилеттин баасы 6 миң 500 сомду түзөт. Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайты жана мобилдик тиркемеси аркылуу комиссиясыз сатып алууга болот.

«Асман Эйрлайнс» өлкө аймактарынын ортосундагы аба байланышын өнүктүрүп, жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү саякат мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантарын белгиледи.

18