7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

А.Алимбаев селдин кесепеттерин жоюу боюнча тапшырмаларды берди

493

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев сел жүргөн аймактарда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жеринде жетекчиликке алды.

Учурда тийиштүү кызматтар селдин кесепетин жоюу боюнча ыкчам иш аракеттерди көрүүдө.

Белгилей кетсек, 5-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен облусунун Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында сел жүргөн.

Сел суулары Лейлек районунун Катран, Коргон, Андарак, Көк-Таш, Баул, Самат, Жаркыштак, Мурас айылдарына келген. Табият кырсыгынын кесепетинен 1 дүкөнгө, 7 үйдүн короосуна, 6 жер төлөөгө сел суулары кирип, 5 убактылуу жасалган көпүрөлөрдү агызган. Бир балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулгуп, 4 бодо мал селге аккан.

Бүгүн саат 07:00го карата сел кирген турак үйлөрдүн жер төлөөлөрү толук тазаланды. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Айрым жараксыз болгон унаа жолдорун калыбына келтирүү, каттамды камсыз кылуу иштери уланууда.

494