7-июнга чейин Кыргызстанда күн ысып, абанын күндүзгү температурасы 37…39 градуска чейин болот. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын,Жалал-Абад,Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө, Чүй, Талас дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 34…39;
Талас жергесинде түнкүсүн 15…20, күндүз 33…38;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14 градус болот.
Белгилей кетсек, 6-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт.