7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин атын жамынып акча алган дагы бир шылуун кармалды

1119

Президент Садыр Жапаровдун туугандарынын атын жамынып, алдамчылык жол менен акча алып жүргөн шылуун кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ш.Н.Р аттуу жаран президенттин жакын туугандарынын атын жамынып, Каракол шаарындагы мамлекеттик мекеменин башчысы К.Т.С. аттуу жарандан жумуш ордуңда калтырам деп 5 миң доллар жана 45 миң сом акчасын алып кеткен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине 204-берене («алдамчылык») менен катталып, шектүү 4-июнда кармалып, Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эске салсак, буга чейин дагы президенттин атын жамынып акча талап кылып жүргөндөр УКМК тарабынан кармалган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1120