7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абдышүкүр Нарматов эки элге кайрылуу жасап, Баткенге барарын билдирди

992

Абдышүкүр ажы Нарматов кыргыз-тажик чек арасы тууралуу эки элге кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына бөлүштү.

(Текст өзгөртүүсүз берилди)

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.

Эки күндөн бери мен эле эмес, бүт мекендештерибиздин кабыргасын кайыштырган оор окуя болуп жатат. Жараткан Жаратуучусу бир, пайгамбары бир, кыбыласы бир, карманган китеби бир, эки мусулман элдин бири-бирине курал сунуп, ок атканы өтө кейиштүү иш. Мен дал ошол жерде Карабак айылында төрөлүп, ошол жерде чоңойгонмун. Ошол жерде тажик, кыргыз дебей, баары бир суудан ичип, бир абадан дем алып, жакшылык-жамандыкта бир дасторкондо отуруп, намазда бир сапта туруп, өлгөндө бир мазарга коюлуп, жашоо, тиригилик чогуу болуп келген. Бир тууган эки эл бири-бирине курал көтөрөт деп эч кимдин оюна келген эмес.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Фитна, бүлгүн уктап жатат, ким аны ойготсо, ага Аллахтын наалаты болсун” – деген. Жаман улут болбойт, жаман адам болот, кимдир-бирөөлөр жеке улут кызыкчылыгынан, элдин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгын жогору коюп, эл арасына от жагуусу мүмкүн.
Рамазан – Аллахтын ырайымы жааган ай, Аллах күнөөлөрдү кечире турган ай, бейишке кепилдик берилген ай, тозоктон сактай турган ай, Аллахтын нуру Куран түшкөн ай, ушундай ыйык айда эки мусулмандын бири-бирине курал көтөрүп, кан төгүүсү өтө оор иш. Эми болгон иш болду. Бирок, маселени куралдын күчү менен чечүүгө болбойт. Согуштун бетин ары кылсын, согушта утуучу жана утулуучу болбойт, согушта эки тарап тең утулат. Канча аялдар жесир, канча балдар жетим, канча үйлөр аңгырап бош калат. Мунун эч кимге кереги жок. Мындайда, абалды көрөгөчтүк, акылмандык менен чечүүгө тийишпиз. “Бөдөнө сойсо да касап сойсун” деген. Мындай абалды күч түзүмдөрү, атайын кызмат адамдары, тиешелүү жетекчилер ийри отуруп, түз кеңешип, тынчтык жолу менен чечүүгө тийиш. Ал эми жалпы эл сабырдуулук жана түшүнүү менен мамиле кылуусу керек. Мекенди сүйүү – ыймандан деп айтылат. Мекенди коргоо ар бир мусулманга милдет. Мекенди коргоо сөзсүз согушуу деген сөз эмес, мекендин тынчтыгын сактоо, мекендин өнүгүүсүнө салым кошуу, мекенде жакшылыкты таркатуу, мекендин сырын сактоо, ж.б. мекенди коргоо болуп эсептелет.

Ураттуу мусулман бир туугандарым!Менин бул кайрылуум кыргызга да, тажикке да тешелүү.

Мен билем, Чархуда, Варухта, Чарикишлакта, Жесурда өскөн туугандар мени түшүнөт. Хадисте: “Үч түрдүү иштин сообун Кыяматта таразага салбай туруп Аллах Таала Өзү берет” деп айтылат. Ошол үч иштин бири: сабырдуулар сообун эсепсиз алат. Мен эки элди тең сабырдуулукка чакырам. Кээде байкабастан, чылпагын алам деп, көзүн оюп алуу мүмкүн. Ошон үчүн ишти чече турган адамдарга койгон оң. Чечүүчү адамдар да ыкчам кыймылдап, бат чечкенге аракет кылуусу керек. Экинчиси: “Каршы болгон адам менен кечиришсе жана араны оңдосо, мунун да сооп-сыйын Аллах Өзү берет. Бүгүн эки элдин ынтымагын бекемдеп, жарашуубуз зарыл. Балдарыбызга, инилерибизге насаат кылып, кызуу кандуулукка алдырбайлы. “Ыймандуулар курушул сыяктуу, бири-бирин сүйөп, кармап, ажырабай турат”. Кыргыз да момун, тажик да момун, эгер ыйманыбыз чын болсо, пайгамбардын хадисине кулак төшөп, ага амал кылалы.

Сөзүмдүн акырында тажиктин белгилүү акыны Саади Шерозинин төрт сап ырына токтолоюн:
“Эй, жигит, алтын дейсиң,
күмүш дейсиң, жер дейсиң…
Бирок, мындан кепин гана сеники,
Аны дагы, буйруйбу же, буйрубайбы, билбейсиң!”
Мындай болсо биз эмнени талашабыз!?

Бара турган жерибиз бир, баарыбыз кылган ишибизге жооп беребиз. Эсибиз барда этегибизди жыйып, ынтымаака келели!

Дагы бир хадисте: “Мекенди коргоп, кароолдо уктабай таң атырган көздөрдү тозок кармабайт” – деген. Мекендин тынчтыгын коргоп чек арада турган аскерлерибизге Аллах Таала күч-кубат, бекем ден-соолук берсин деп дуба кылабыз. Аллахым алардын үй-бүлөсүнө, жашоосуна береке берсин.

Аллахым, Рамазан айында элибизди, жерибизди асмандан, жерден келген балээ-кырсыктардан сакта, элибизге тынчылык, ынтымак бер, коюнунда котур ташы бар бузукулардын арам оюнан, арам ишинен сакта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

993