7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аэропортто өтүп бара жаткан аялды өлтүрө сүзгөн мотоциклист кармалды

788

Манас айылына жакын жерде жөө адамды сүзгөн мотоциклдин айдоочусу кармалып, Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-сентябрында саат 19:30 чамасында Сокулук РИИБге Манас айылынын жанында мотоциклдин айдоочусу сүзүп кеткен жөө жүргүнчү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Натыйжада милиция кызматкерлери тарабынан мотоциклдин 1992-жылы туулган айдоочусу Н.Ф. кармалган. Ал Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факт Сокулук РИИБдин КЖБРне катталып, Жазык кодексинин 297-беренесинин («Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу») негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

789