7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Афганистандагы террордук уюмдун мүчөсү Кыргызстандан кармалды

1638

Афганистандан террордук уюмдардын бирине мүчө болуп, согуштук аркеттерге катышып жүргөн Кыргыз жараны Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

«14-июлда, УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, куралдуу чыр чатактардын аймагынан келген Кыргыз Республикасынын жараны «Г.М.» ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Кармалган адам Афганистан аймагында эл аралык террористтик уюмдардын биринин курамында согуштук аракеттерге катышып, террористтик даярдыктан өткөндүгү аныкталды», -деп билдирет.

УКМК өлкө аймагындагы эл аралык терроризмдин мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу иш-чараларын улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1639