7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аида Исмаилова Кореянын жаңы шайланган президентинин инаугурация аземине катышты

813

Кыргызстандын Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова Кореянын жаңы шайланган президенти Юн Сок Ёлдун инаугурация аземине катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 10-майда Инаугурация аземи Кореянын Улуттук Ассамблеясынын (парламентинин) алдындагы аянтта “Корея Республикасы кайрадан! Жарандардын жаңы өлкөсү!” урааны астында өттү.

«Иш-чарага 41-миңге жакын адам катышты, алардын ичинде Корея Республикасынын экс-президенттери Мун Чжэ Ин менен Пак Кын Хе, Кореядан жана чет өлкөлөрдөн келген ардактуу коноктор, Улуттук ассамблеянын жана өкмөттүн мүчөлөрү, Сеулда аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, түштүк кореялык ири компаниялардын жетекчилери, коомдук, саясий жана маданий ишмерлер, ошондой эле атайын чакыруу алган карапайым жарандар.

Инаугурация аземинен кийин ардактуу коноктор жана дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери үчүн расмий кабыл алуу мааракеси уюштурулду»,-деп берилет билдирүдөө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

814