Жогорку Кеңештин депутаттарынын кармалышы, Баш мыйзамдын бузулушу. Мындай пикирин, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, бүгүн Жогорку Кеңештин ар кандай маселелер каралган сессиясында билдирди.
Жаңы баш мыйзамдын 78-беренеси боюнча депутаттын кол тийбестиги күчөтүлгөн. Ал кылмыш жасап жатканда кармалбаса, көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен гана кармоого уруксат берилет.
«5-майда жаңы конституция кабыл алынып, 1-июньдан бери кармоолор болуп жатат, бул Баш мыйзамга каршы келүүдө. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган катары, депутаттардын кол тийбестиги жана Баш мыйзамды сактоо боюнча так нормасын айтып коюш керек. Башкы Прокуратура кармоолор эски мыйзамдын негизинде жүрдү деп билдирүүдө. Жаңы кодекстер Жогорку Кеңешке кийинки жума кирет. Мындай кырдаалда Баш мыйзам түз иштейт. Ошондуктан, кармоо же СИЗОдо кармоо -мыйзамсыз! Эгер тергөө жүрүп жатса, ал үй камагында же башка жагдайда болуш керек. Бул боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы, тийштүү комитет дагы өз жообун бериш керек, Биз муну талап кылабыз!», -деди Касымалиева.
Жогорку Кеңеште бул боюнча тийиштүү комитеттерге протоколдук тапшырма бергенин эскертип өттү.