Жол кырсыктарынын бирден-бир себеби, жол эрежелерин сактабагандык болуп эсептелгендиктен, айдоочулук күбөлүктөрдү алуу жоопкерчилигин күчөткөнбүз. Бул тууралуу бүгүн,18-июлда Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.
«Ушул жылдын башынан бери Унаа мекемеси тарабынан 310 миң 502 жарандар жол эрежелери боюнча экзамен тапшырышкан, анын жыйынтыгында, 22% гана экзаменден өтүп, калган 77% жарандар экзаменден өтпөй калышкан. Башкача айтканда, 241 миң 186 жаран экзаменден өткөн эмес»,-деди министр.
Ошондой эле Ниязбеков айдоочулук күбөлүктөрдү алуу процедурасы күчөтүлүп, видео-камералар жана жаңы санарип ыкмалар менен экзамендер алынып жатканын кошумчалады.