7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочуну муунтуп… Бишкекте таксистке кол салган шектүүлөр кармалды

2390

Бишкек шаарында таксистке кол салган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 19-ноябрда түн ичинде болуп, таксисит Тынчтык конушуна кардарларын жеткирип жөнөгөн. Орто жолдон кардарлардын бири айдоочуну коопсуздук куру менен муунтуп өлтүрүүгө аракет кылып, 15 000 сомдук Redmi уюлдук телефонун, 2500 сом акчасын жана «Мазда Демио» үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алышкан.

Бул факт Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, №5 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери көп узабай шектүүлөрдү табышкан.

Ыкчам кызматкерлер тарабынан кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган С.А, 1992-жылы туулган К.У жана 1983-жылы туулган О.Н. аттуу  жарандар кармалды. Алардын бири аял болгон.

Шектүүлөр тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, Кылмыш кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2391