7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айгүл Жапарова Баткендеги көп балалуу эки үй-бүлөдөн кабар алды (ФОТО)

1149

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Баткен шаарына жакын Чет-Кызыл конушунда жашаган көп балалуу — 9 жана 11 баласы бар эки үй-бүлөгө барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Көп балалуу ата-энелер менен болгон баарлашууда Айгүл Жапарова алардын башынан кечирип жаткан кыйынчылыктары жөнүндө өздөрүнөн угуп, үй-бүлөлөр тарабынан айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Балдар өз кезегинде биринчи айым менен кыялдары жана келечектеги пландары менен бөлүштү. Ал ар бирин кунт коюп угуп, билимдүү адис болуу үчүн билим алууга умтулуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Баарлашуу учурунда Айгүл Жапарова кыйынчылыктарга карабастан бул үй-бүлөлөрдүн балдары абдан шайыр жана боорукер экендигин канааттануу менен белгиледи.

Биринчи айым үй-бүлө — ар бир адамдын жашоосундагы негизги таяныч экенин, ошондуктан балдарды камкордук менен курчап, аларга туура тарбия берүү маанилүү, деп кошумчалады.

Айгүл Жапарова балдарга чың ден соолук, бактылуу балалык, ал эми ата-энелерине күч-кубат жана сүйүү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1150