Баткен шаарында соода борборунан акча каражатын уурдаган эки жашы жете элек өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, белгисиз жарандар тарабынан Баткен шаарындагы соода борборунун айнегин сындырып, ичиндеги кассадан болжол менен 5000 (беш миң) сом акча каражатын уурдап кеткен факты катталган.
Лейлек районунун Катраң айылынын жашы жете элек эки бала Баткен шаарынан аныкталып кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул өспүрүмдөр буга чейин дагы 7 факт уурулук иштерин жасап жүргөнү аныкталды.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.