7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айпери: «Утуп келе жатып акыркы 30 секундда утулуп калдым»

706

Бүгүн, Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышкан балбан кыздар Бишкекке келишти.

Маалыматка ылайык, Дүйнө чемпиондугунда Айпери Медет кызы коло медалге ээ болгон.

«Мен Дүйнө биринчилигине алтын медаль, кур алам деп баргам. Тилекке каршы спортто бирде жеңүү, бирде жеңилүү болот экен. Мен үчүн оор болгон беттеш Эстониядан келген балбан кыз менен күрөшүү болду. Утуп келе жатып акыркы 30 секундда утулуп калдым. Машыктыруучуларыма терең ыраазычылык билдирем, буюрса алдыдагы беттеште ийгилик жаратам деген үмүттөмүн», — дейт Айпери.

Эске салсак, Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта жарым финалда эстониялык балбанга 3:3 эсебинде  жеңилип калган. Ал эми коло медаль үчүн болгон беттеште украиналык Анастасия Шустова аттуу балбан менен кез келип, 12:1 эсебинде жеңип, коло медаль тагынган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

707