Күч органдары зордук-зомбулукка каршы иштебей жатат. Бул тууралуу Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Өлкөбүздө жылдын-жылга зордук-зомбулук күчөп, күч органдары зөөкүрлөргө каршы иштебей жатат. Тилекке каршы, алар эркиндикте жүрүшөт. Эмне үчүн? Анткени, бир тагдыр сынгандан кийин, кыз өзүнүн ата-энесинен коркуп, уялып, айтышпайт, сотко барышпайт. Сотко жеткен күндө дагы кармалган жаран түрмөдөн бошоп кетет. Бүгүндөн баштап күч органдары иштеш керек. Качан ушул нерселер токтойт. Качан соттор, прокурорлор, күч органдары аларды түрмөгө отургузуп, кайдыгердик менен карабай мыйзам менен иш алып барат»,-деди Мамашова.
Белгилей кетсек, 5-декабрда Сокулукта 31 жаштагы жаран 16 жаштагы өспүрүм кызды сабап, күч менен зордуктап салган окуя катталган.