Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынан келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-сентябрда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Манас» эл аралык аэропортунда (Бишкек шаары) спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданы тозуп алуу иш-чарасы өттү.
Курма команданы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, КРнын күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчудардын жакындары жана күйөрмандары тозуп алышты.
Белгилей кетсек, учурдагы кырдаалдан улам атайын тозуп алуу аземинин концерттик программасы жана маалымат жыйын өткөрүлгөн жок.