Президенттин администрациясынын кызматкерлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу конфликттен жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларына жардам катары бир күндүк эмгек акысын которушат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, Кыргызстандын бардык министрликтеринин эмгек жамааттары Баткен облусундагы чек арадагы окуяга байланыштуу өздөрүнүн бир күндүк эмгек акысын материалдык жардам катары которушууда.
Мындан тышкары, башка мамлекеттик органдар да бир күндүк маянасын которушууда.
Бир күндүк эмгек акысын которууну каалаган мамлекеттик органдардын тизмеси толукталууда.