7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айт күндөрү айдоочулардын жол кирени көтөрүп алуусуна жол берилбейт

304

Айт күндөрү такси кызматынын айдоочулары жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп алууларына жол берилбейт. Бул тууралуу ЖКККББ эскертет.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери автобекеттерден Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Талас жана башка аймактарга каттаган такси айдоочуларына майрам күндөрү жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Айрым айдоочулар майрам күндөрү шаардан айылдарга каттаган жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн пайдаланып, өз алдынча жол кире акыларын көтөрүп алышы мүмкүн, ошол сепептүү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы андай фактыларга жол бербөө үчүн, айдоочуларга азыртан түшүндүрүү жана эскертүү иштерин өткөрүшүүдө.

Эгерде жүргүнчүлөр көп болуп маршруттук унаалар жетишпесе, ЖКККББ тарабынан кошумча маршруттар каттамга киргизилет. Учурда Автобекетте унаалар жетиштүү жана баары көзөмөлдө.

 

305