7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШда 25 жаштагы кыргызстандык дайынсыз болууда

525

Америка Кошмо Штаттарында 2000-жылы туулган А. уулу Б. аттуу кыргыз жараны изделүүдө. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Жоголгон жарандын туугандарынын кайрылуусу келип түшкөндөн баштап, Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилиги анын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам тартипте иш алып бара баштаган.

Учурда АКШнын компетенттүү органдары менен, ошондой эле Вирджиния жана Вашингтон штаттарындагы активисттер менен активдүү өз ара аракеттешүү жүргүзүлүүдө.

Тышкы саясий ведомстводон кошумчалашкандай, Кыргызстандын элчилиги жарандын туугандары менен туруктуу байланышта болуп, бардык зарыл чараларды көрүү иштерин улантууда.

526