7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШда коронавируска каршы вакцинаны алгач чиновниктер алат

154

Америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары тарабынан иштелип чыккан коронавируска каршы вакцинанын алгачкы дозалары бүгүн АКШнын 145 шаарына жеткирилет. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой эмдөө эки этаптан өтөт, биринчи вакцинациядан соң экинчиси 21 күндөн соң сайылат.


Ал эми коронавируска каршы вакцинаны биринчилерден болуп алыш керек дегендердин катарына жогору кызматтардагы чиновниктер турат. Бул тууралуу Ак үйдөгү Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Жон Эллитон маалымдаганын «Washington Post» порталы жазды.
Айрым маалымат булактары алгачкылардан болуп президент Дональд Трамп менен вице-президент Майк Пенс эмдөө аларын жазып чыгышкан.

Ал эми Трамп буга байланыштуу билдирүү жасап, азырынча вакцина алуу планы жоктугун айтты. Ошондой эле башка аткаминерлер да муктаждык жок болсо, калктын маанилүү катмарынан кийин алса болорун кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

155