7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШнын элчиси Кыргызстандагы кылмыштуу топторду кармоодо жардам берүүгө даяр

149

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу видеобайланыш аркылуу өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүп, саясий жана экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулады.


АКШ элчилигинин маалыматына караганда, Дональд Лу кызматташтык тууралуу эки тараптуу макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдөгү «прогрессти» белгиледи. Тараптар бул жаатта бардык маселелер чечилип, жакынкы убакта келишимге кол коюлат деген үмүттөрүн билдиришти.


«Мындан тышкары элчи уюшкан кылмыштуу топтордун негизги мүчөлөрүнө карата тергөө иштерин жүргүзүүгө жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга, ошондой эле алардын эл аралык кылмыштуу түйүндөрүн жок кылууга АКШнын укук коргоо органдарынын жардамын сунуштады», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.


Элчи АКШ сунушталып жаткан конституциялык өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкууларга убакыт берүү жана аны Венеция комиссиясына жөнөтүү тууралуу кыргыз бийлигинин ниетин кубаттай турганын дагы бир жолу кошумчалады.


Өз кезегинде Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз тарап «өлкөдөгү окуялар боюнча АКШ элчилигинин тең салмактуу билдирүүлөрүнүн маанилүү экенин» белгилегенин билдирди.


«Мындан тышкары министр COVID-19га каршы күрөшүүнүн алкагында өлкөдөгү ооруканаларга көрсөтүлгөн техникалык көмөгү, ошондой эле пандемия маалында жөнөткөн гуманитардык жардамдары үчүн АКШга ыраазычылык билдирди», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

150