7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Актауда учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктар Бишкекке алып келинди

431

Казакстандын Актау шаарындагы авиакырсыктан жабыркаган 3 жаран Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Аларды алып келе жаткан учак Бишкек шаарынын «Манас» эл аралык аэропортуна 30-декабрга караган түнү саат 02:52де конду. Алар тез жардам аркылуу Бишкектеги улуттук ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Эскерте кетсек, 25-декабрь күнү Бакудан Грозный шаарына учуп келе жаткан «Азербайжан аба жолдорунун» Embraer-190 учагы кырсыкка учурап, ичиндеги 67 жүргүнчүнүн 38и көз жумган. Аман калган 29 кишинин үчөө кыргызстандыктар болгон.

 

432