Тукунов Акжолтой Шакирбекович Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30-июнда кол койгон. Тукуновдун талапкерлигин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбек Тайлаков сунуштаган.
Кошумчалай кетсек, Тукунов 2020-2021-жылдар аралыгында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары болчу.