7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек уулу Эржан таяк тартыш боюнча Азия чемпиону болду

527

ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн батальонунун кызматкери Эржан Акылбек уулу таяк тартыш боюнча Азия чемпиону болду.

Мелдеш 15-19-май күндөрү Өзбекстандын Нукус шаарында болуп өттү.

Азия чемпиону болгон милиция кызматкерин 20-майда салтанаттуу түрдө Турдакун Усубалиев атындагы аянттан тосуп алышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Жеңиш менен кайткан милициянын прапорщиги Эржан Акылбек уулуна кесиптештери мындан ары дагы кызматында дагы, спортто дагы ийгиликтерди жарата беришин каалашты.

528