7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров ЕРӨБ президенти жана ЕРӨБ БА башкаруучу директору менен жолугушту

535

«Европа биримдиги – Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумунун ишинин алкагында министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы директору Жужанна Харгитай менен эки тараптуу жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ЕРӨБ экономиканын артыкчылыктуу тармактарында долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу колдоо көрсөткөн КРнын өнүктүрүү боюнча маанилүү өнөктөшү болуп саналат.

Тараптар суу менен камсыздоо жана канализация, коомдук транспорт жана энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

«Учурдан пайдалануу менен Сизден экономиканын приоритеттүү тармактарын өнүктүрүү боюнча өлкө үчүн маанилүү, жаны долбоорлорго колдоо көрсөтүүңүздү өтүнөм. Биздин өлкө үчүн стратегиялык максаттарды жана жүргүзүлүп жаткан жана алдыга белгиленген реформаларды ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу абдан маанилүү»,- деди Акылбек Жапаров.

Жолугушууда тараптар КРнын энергетикалык секторундагы абалга байланыштуу маселелерди талкуулады. Альтернативдик жана энергиянын жаңыланып туруучу булактарына өтүүгө басым жасалды.

Өз кезегинде ЕРӨБ жетекчилиги маалымдагандай, кубатуулуктарды генерациялоодо чон тажрыйба бар жана уюм долбоорлорду даярдоодо консультациялык кызмат көрсөтүүгө даяр.

Жолугушуу соңунда тараптар Финансы министрлиги жана ЕРӨБ ортосунда «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоорду даярдоого карата өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга, Финансы министрлиги жана ЕРӨБ ортосунда «Кыргыз Республикасындагы климатка туруктуу суу менен камсыздоо» долбоору боюнча сүйлошүүлөр Протоколуна кол койду.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

536