Өзгөн шаарынын мэрине, жергиликтүү тургундарды мамлекеттик тилде куттуктабаганы үчүн сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-октябрда Өзгөн шаарынын күнү белгиленген. Мэр шаар күнүндө тургундарды мамлекеттик же расмий тилде куттуктабай, өзбек тилинде куттуктаган. Куттуктоо учурунда тартылган тасма социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынган.
Өзгөн районунун акими Мурат Раматов Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримовго 1-ноябрь күнү сөгүш жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram