Бүгүн, Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтүп жатат.
Маалыматка ылайык, Форумга 300дөн ашык адам келген. Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, атамекендик ишкерлер дагы катышууда.
«Форумдун жыйынтыктары боюнча өкмөттүн отурумун жаңы жылга чейин Баткенде өткөрөбүз. Форумда кабыл алынган чечимдин баары кандай аткарылып жатат, кол коюлган бизнес долбоорлор илгери жылдыбы, аларга бизден кандай жардам керек экенин талкуулайбыз. Электр энергия, суу, канализация деген маселелерди чечип берет деген милдеттенмени өкмөт моюнга алып жатат. Капиталга болгон жеткиликтүүлүктү биз Баткен облусунан баштайбыз. Ишкерлерге каражат таап беребиз, бирок долбоорлордун бардыгы сапаттуу болуш керек», — деди Жапаров.
Ошондой эле, өкмөт башчы жыл сайын Баткен облусун өнүктүрүү фондуна казынадан 500 млн. сомдон бөлүнүп турарын билдирди. Бөлүнгөн акча ай сайын берилбей жыл башында эсепке түшүп, экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.
«Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму аймактын экономикалык потенциалын кеңейтүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында уюштурулган.
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган.