7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокат мэриясынын жооптуу жетекчилери бюджетке 15 млндук чыгым келтирген

555

Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Ноокат шаарынын жооптуу адамдары кармалды.

Такталган боюнча, 2017-жылдан 2021-жылдын июнун айына чейинки аралыкта, Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, бюджетке 15 043 720 сом өлчөмүндө зыян келтиришкендиги аныкталган.

2021-жылдын 13-октябрында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ноокат шаарынын мэри “Н.Ж.А.” жана мурдагы спикер, азырку учурда Ноокат шаардык кеңешинин депутаты “Г.А.М.” кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

556