7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров инвесторлорду энергетика тармагын өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырды

542

Бүгүн, 14-октябрда, Президент Садыр Жапаров Сокулук районундагы Сокулук ГЭС-2нин ишке киришине байланыштуу өткөн иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Президент мамлекеттин энергетикалык системасындагы кырдаалды жана кыйынчылыктарды терең изилдегенин жана өлкөнүн өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү жана бул тармакка инвестиция тартуу боюнча алдыга максат койгонун айтты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө энергетика анын саясатынын негизги багыттарынын бири экенин, ошондуктан бул тармакка өзгөчө маани берип, ар бир өзгөрүүгө өтө кылдаттык менен мамиле кыларын баса белгиледи.

Электр энергиясын жана жылуулукту өндүрүүдөн баштап керектөөчүгө жеткирүүгө чейинки чыгымдарды жабууга мүмкүндүк бере турган орто мөөнөттүү жаңы тариф саясаты кабыл алынды, энергияны кайра жаратуучу булактар тармагындагы жабдууларды жана техникаларды импорттоодо КНС төлөө милдеттемесинен бошотулду, мамлекет менен потенциалдуу инвесторлордун өз ара кызматташуу, анын ичинде энергиянын кайра жаратуучу булактары боюнча ишкердикти лицензиялоодон бошотуп, жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу механизмдери иштелип чыкты.

Ошондой эле бул чаралар «жашыл энергияны» өнүктүрүүгө жана кошумча генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга туруктуу түрткү берет деп ишенээрин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

543