Бир сутка ичинде республиканын аймагында 30 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 32 бөлүм тартылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Алсак, Бишкек шаарында – 4, Нарын облусунда – 2, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 2 жана Баткен облусунда – 3 өрт катталган.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан төрт чыгуу болгон.