7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акжол Махмудов Азия чемпионатынан күмүш медаль утту

496

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Чемпионат Бишкек шаарында 11-апрелден 16-апрелге чейин өтүүдө.

Кыргызстандык балбан 77 кг салмак ченинде мелдештин 1/4 финалынан тарта катышып, алгач казакстандык Ибрагим Магомадов менен күч сынашып, акыркы аракети үчүн 3:3 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Ал эми финал үчүн беттеште Махмудов ирандык балбан Амир Али Абдини 11:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип чыкты.

Финалда кыргыз балбаны япониялык Нао Кусака менен кез келип, 2:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.

497