Ала-Арча капчыгайында бутун кокустатып алган чет өлкөлүк турист аял куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Кечээ Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайындагы Жарылган-Жүрөк тоосунда Россиянын 60 жаштагы жараны бутун сындырып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Аламүдүн райондук ӨКБнын 4 куткаруучусу чыгышкан.
Куткаруучулар тоодо жабыркаган аялды кол шаймандардын жардамы менен алып түшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда чет өлкөлүк туристтин абалы каанаттандыралык.