7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Арча суусуна секирген адам табылган жок. …же эч ким секирген эмеспи?

576
Бүгүн, 10-ноябрь  түштөн кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы, «Ала-Арча суусуна 1 эркек киши секирип кетти» -деген маалымат тастыкталбагандыгын билдирди.
«Ленин району, Шота-Руставели менен Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн болжол менен 1 эркек киши Ала-Арча суусуна секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине түнкү саат 01:40та Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Издөө иштердин натыйжасында, сууга секирип кеткен жаран тууралуу маалымат тастыкталган жок» -деп жазылат.

Тасмада көрүнүп тургандай издөө иштери түнкү караңгыда жүрдү. Жаран секирген болсо куткаруучулар келгиче агып кеткен болушу мүмкүн. ӨКМдин маалымат кызматы канча километр изделгенин ачыктаган эмес.  Балким жаран секирген деле эмес, бул иш иликтөөгө алынышы керек!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

577