7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Арчадагы чокудан чет элдик турист куткарылды

463

Кечээ, 8-ноябрда Ала-Арча капчыгайындагы «Рацек» чокусунан россиялык турист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министирлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, «Рацек» чокусуна чыгуу учурунда жабыркаган 41 жаштагы альпинист-турист болгон. Альпинисттер чет өлкөлүк жаранды тик учак коно ала тургандай деңиз деңгээлинен 3900 метр бийиктикке алып түшүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, 1982-жылы туулган турист А.Г.  Россия Федерациясынын жараны. 7-ноябрь күнү саат 11:10до «Рацек» чокусуна чыгуу учурунда бутунан жаракат алган.

Жардамга кол сунган ӨКМдин тик учагы кырсык болгон жерге учуп кетип, жабыркаган орусиялык туристти эвакуациялашты. Керектүү жардам көрсөтүү үчүн турист ооруканага жаткырылды.

 

 

464