7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Букада 300 окуучу жана 40 мугалим манас айтты

799

Президент Садыр Жапаровдун «Манас» үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу» жана жаш өспүрүмдөрдүн руханий адеп-ахлактык жан дүйнөсүн байытып, мекенчилдикке тарбиялоо максатында 2-май күнү Ала-Бука районунда «Урааным Манас» аттуу хор менен «Манас» айтуу сынагы болуп өттү.

300 окуучу жана 40 мугалим катышкан сынак Орто-Токой суу сактагычынын жанында уюштурулуп, саамалыкка Өрүктү айыл аймагына караштуу А. Жуманазаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби катышты.

Иш-чараны уюштурууда айыл өкмөт башчысы Рустам Кийикбаев, айылдык кеңештин төрайымы К. Үсөнбаева, мектептин көзөмөлчүлүк кеңеши, жалпы ата-энелер жакындан колдоо көрсөтүштү.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

800