Жалал-Абад облустук прокуратурасы Ала-Бука районуна караштуу Кɵк-Таш айыл ɵкмɵтүндɵ жүргүзүлгɵн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Жазык кодексинин 320-беренесинде (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кɵрсɵтүлгɵн кылмыштын белгилери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 9 сотко чейинки ɵндүрүш ишин каттады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, аталган айыл ɵкмɵттүн кызмат адамдары ɵздɵрү, же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык табуу максатында, айрым жеке ишкерлер менен сүйлɵшүп алып, кɵпүрɵ, жол жана башка объектилердин аткаруу актыларын жасалмалашып, атайылап ашыкча суммаларды кɵрсɵтүшкɵн.
Натыйжада, мамлекетке 17 миллион 279 миң 755 сомдук зыян келтирилген.
Аталган фактылар боюнча сотко чейинки ɵндүрүш иштерин жүргүзүү жагы, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрɵшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад областтык башкармалыгына тапшырылды. Азыркы учурда тергөө амалдары башталды.