7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Букада таштандыдан жер семирткич, газ өндүрүлө баштайт

432

Жалал-Абаддын Ала-Бука айылында таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод ишке берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын ачылышы кечээ, 26-ноябрда болуп өткөн.

“Бул ишкананын курулушу облустун өнүктүрүү фондунан каржыланып, 18 млн 540 миң сом бөлүнгөн. Ага катар жергиликтүү бюджеттен 6,5 млн сом жана 8 гектар жер берилген” – деп айтылат маалыматта.

Бул чакан ишкана Ала-Бука жана ага коңшу айылдардан, эки тоо кен компаниясынан чыккан таштандыларды кайра иштетет. Андан жер семирткич, мазут жана газ өндүрүү пландалган.

433