Ала-Көл жайлоосунда дайынсыз жоголгон турист кызды издөө уланууда. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-июль күнү Ала-Көл жайлоосунда Орусия Федерациясынан келген 5 турист (1970-ж.т. К.А. эркек киши, 1969-ж.т. К.Г. аял, 2010-ж.т. К.М. жаш бала, 1992-ж.т. К.В. жана 1996-ж.т. К.Л.) эс алып жүрүп, алардын ичинен 1992-ж.т. К.В. аттуу аял дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Акыркы жолу ал Каракол дарыясынын жанында болгон. Издөө иштерине ӨКМнин жалпы 21 куткаруучусу, Ак-Суу райондук токой чарбасынан 15 кызматкер тартылган.