7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алайкууда ач карышкыр адамдарга кол салып, 2 жаран ооруканага жатты

11598
Кара-Кулжа районуна караштуу,  Алайкуу өрөөнүндө ач карышкыр короого тийип, 17 жаштагы кызды тиштеп, сүйрөп качууга аракет кылган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлады.
Маалыматка ылайык окуя 17-июлдан 18ине караган түнү Қарагайты жайлоосунда катталган. Коо-Чаты айылынын тургундары жайлаган короого кол салган карышкыр, 3 ирет келгендиги айтылат. Биринчи жолу түнкү саат 22:00 чамасында майда жандыктардын короосуна тийип, бир канчасын жеп, мууздап кеткен.
Экинчи ирет 24:00дө келгенде, уйларга тийген. Эшик караңгы болгондуктан, фонар жандырып чыккан 17 жаштагы кызды буттан тиштеп, сүйрөөгө аракет кылган. Кыздын кыйкырыганан тегеректеги коңшулары ойгонуп, куткарып калышат.
Карышкыр 2 сааттан кийин кайра келген. Бул ирет чатырдан  1986-жылы туулган Асыран Токторбаев аттуу чабан фонар менен чыгып, карышкыр менен кармаша кетет.
Натыйжада карышкыркы муунтуп өлтүргөн. Бирок колдору чайналып, бетине да бөрүнүң тиши тийгендиги айтылат.
Коо-Чаты айылынын башчысы Азатбек Ашымов окуяны тастыктап, жарадар болгондор Кара-Кулжа райондук ооруканасына жаткырылганын билдирди.  Ал эми, өлтүрүлгөн карышкыр райондук лабораторияга тапшырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

11599