7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Ала-Тоо” аянтында өзгөчө фонтандар пайда болот

505

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында музыканын коштоосундагы оргуштаган фонтандар пайда болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.

Учурда фонтандарды реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Эскиздик долбоор боюнча аянтта өзгөчө курулат.

“Учурда эски фонтандар демонтаждалып, жаңы фонтандарды орнотууга даярдык көрүлүүдө. Аянттагы брусчаткалар алынып, гранит таштары басылат”, — деп белгиледи Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров.

Ошондой эле, айланасындагы имараттар ирээтке келтирилет.

Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компаниянын директору Бактияр Жаманбаев билдиргендей, фонтандарды куруу иштерине керектүү айрым материалдар чет өлкөлөрдөн буйрутма менен алынып келүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан иштер шаардыктар жана келген туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.

506