7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алагөзов «Эркин Европа/Азаттык радиосунун» вице-президенти менен жолукту

263

Бүгүн, 17-майда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстанга сапар менен келген “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” жаңы дайындалган вице-президенти Никола Карим менен жолукту.

«Баарлашуунун жүрүшүндө өлкөбүздөгү жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү актуалдуу маселелер тууралуу сөз болду. Тактап айтканда, президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын коомдун турмушундагы маанилүүлүгүн ар дайым белгилеп келерин айттым. Мындан тышкары жолугушууда өлкөнүн мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгү талкууланды. Окуяларды тең салмактуу чагылдыруу, анын ичинде коомчулук үчүн позитивдүү жаңылыктардын үлүшүн жогорулатуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушууга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысы Хамид Исмаилов, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын Бишкек бюросунун башчысы Бакытбек Асанов да катышты»,- деди Алагөзов.

264