7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алайкуу өрөөнүндө калыңдыгы 1 метрге жеткен кар жаады

464

14-январга караган түнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө калың кар жаады. Кардын калыңдыгы 1 метрге, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында 70-80-сантиметрге жеткен.

Мындан улам, Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолу, 42-чакырымдан (Чаар-Арча чеги) 93-чакырымга чейин (Кыргый чеги) жол каттамы убактылуу жабылды. Аны ачуу үчүн Жол тейлөө ишканасынын 6 техникасы иштеп жатат. Аталган жолдо кечки саат 18:00дөн тартып эртең мененки саат 08:00гө чейин чектөө киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү ыктымалы бар кооптуу участкалар Ичке-Суу айылынан (52-чакырымынан) тартып, Ой-Тал айылына (92-чакырымына) чейин экенин эскертет.

ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын Кара-Кулжа райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүмү тарабынан райондун борбордук автобекетинде тоолуу аймактарга каттаган такси айдоочуларына, туруксуз аба ырайына байланыштуу, кырсыктардын ыктымалы айтылып, атайын баракчалар таратылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

465