7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алматыда карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү

1733

Казакстандын Алматы шаарында коронавирус жуктургандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышты. Маалым болгондой, Алматы шаарындагы башкы санитардык дарыгер Жандарбек Бекшин карантин боюнча жаңы токтомго кол койду.

Мындагы чектөөлөр 20-марттан тарта күчүнө кирет.
Эми шаардагы коомдук транспорттор жумуш күндөрү кадимки режимде каттаса, эс алуу жана майрам күндөрү саат 06:00 — 10:00, кечинде саат 17:00 — 22:00 аралыгында каттайт.

Соода борборлору ишемби жана жекшемби күндөрү жабылат. Майрам күндөрү саат 10:00 — 17:00 аралыгында, жумуш күндөрү саат 10:00 — 21:00 аралыгында ачык болот.

Супермаркет, гипермаркет жана азык-түлүк түйүндөрү саат 06:00 — 02:00 аралыгында, азык-түлүк дүкөндөрү менен кичи маркеттер саат 06:00 — 24:00 аралыгында иштейт.

Ал эми базарлар жумуш күндөрү саат 06:00 — 17:00 аралыгында ачык болсо, ишемби жана жекшемби күндөрү жабылат. Мындан тышкары дагы бир катар жайларда чектөөлөр болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1734