7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алматыда жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 44кө жетти

533

Казакстандын Алматы шаарындагы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 44кө жетти. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

“Түнкү саат бирден тарта Алматыда жеңил жана орто даражадагы ар кандай жаракаттар менен 44 адам медициналык жардам сурап кайрылган, алардын 34ү чоңдор болсо, 10у балдар. Чоңдордун арасынан үчөө ооруканага жаткырылып, 31и амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Ал эми жабыркаган 10 баланын ичинен 5и ооруканага жаткырылса, 5и амбулатордук дарыланууга жиберилген”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 23-январга караган түнү Алматы шаарынын тургундары катуу жер титирөөнү сезген. Сейсмологдордун маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында болгон. Анын күчү очогунда 6,7 баллга жетип, Алматыда 5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөө Кыргызстанда да сезилди. ӨКМдин маалыматына таянсак, түнкү жер титирөө 3 баллдан 6 баллга жеткен. Өлкөдө кыйроолор жана жабыркагандар жок.

 

534